ТҮРКПАнын Башкы катчысынын Азербайжан Республикасынын Жеңиш күнүнө карата кайрылуусу
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Эл аралык катчылыгынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Азербайжан Республикасынын бир тууган элин жана жетекчилигин Жеңиш күнү менен чын дилимден куттуктайм.
Бул тарыхый күн азербайжан элинин эр жүрөктүүлүгүнүн, чечкиндүүлүгүнүн жана улуттук биримдигинин, ошондой эле өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоого болгон бекем эркинин айкын далили болуп саналат. Ал келечек муундарга дем-күч берип келе жаткан элдин кайраттуулугун, туруктуулугун жана улуттук ынтымагын даңазалайт.
ТҮРКПА Азербайжандын түрк мамлекеттердин ортосундагы биримдикти жана тилектештикти чыңдоого, ошондой эле жалпы максаттарыбызды илгерилетүүгө кошуп келе жаткан туруктуу салымын жогору баалайт.
Ушул маанилүү күндө Азербайжан элине бекем тынчтык, бакубатчылык жана мындан аркы өнүгүү жолунда жаңы ийгиликтерди каалайм.
Элчи Рамил Хасан
ТҮРКПАнын Башкы катчысы