ТҮРКПАнын Башкы катчысынын Казакстан Республикасынын Республика күнү менен куттуктоосу
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Эл аралык Катчылыгынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Казакстан Республикасынын бир тууган элин жана жетекчилигин 25-октябрда белгиленүүчү Республика күнү менен чын дилимден куттуктайм.
Бул маанилүү күн казак элинин өзүнүн эгемендүү мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү жана чыңдоодогу биримдигин, туруктуулугун жана майтарылбас чечкиндүүлүгүн символдоштурат. Өлкөнүн көрөгөч жетекчилиги астында Казакстан мамлекеттик институттарды бекемдөөдө, ар тараптуу реформаларды жүргүзүүдө, туруктуу өнүгүүнү илгерилетүүдө, ошондой эле эл аралык аренадагы ордун жана аброюн чыңдоодо олуттуу ийгиликтерге жетишти.
Бул куттуу күндө жалпы максаттарыбызга жана умтулууларыбызга жетүү жолунда тыгыз жана жемиштүү кызматташтыгыбызды мындан ары да тереңдетүүгө ТҮРКПАнын берилгендигин дагы бир жолу ырастайм. Бир тууган Казакстан элине бекем тынчтык, бакубатчылык, жыргалчылык жана мындан аркы өнүгүүнү каалайм.
Элчи Рамил Хасан
ТҮРКПАнын Башкы катчысы