Мажарстандын Улуттук күнүнө карата TүркПАнын Башкы катчысынын кайрылуусу
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын Эл аралык Катчылыгынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Мажарстандын Өкмөтүн жана элин 23-октябрда белгиленүүчү улуттук майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Бул маанилүү күн Мажарстандын бай тарыхый жана маданий мурасын даңазалоого, ошондой эле өлкөнүн ар тараптуу өнүгүшүнө жана гүлдөп-өсүшүнө туруктуу салым кошуп келе жаткан мажар элине терең урмат-сый көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Мажарстандын түрк мамлекеттери менен диалогду өнүктүрүүгө жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымын жогору баалап, TҮРКПА Мажарстан менен өнөктөштүк мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин дагы бир жолу тастыктайт.
Ушул маанилүү майрамга карата Мажарстандын Өкмөтүнө жана элине тынчтык, бакубатчылык, бейпил жашоо жана мындан аркы ийгиликтерди каалайм.
Элчи Рамиль Хасан
TҮРКПАнын Башкы катчысы