ТҮРКПАнын Башкы катчысынын Кыргыз Республикасындагы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата кайрылуусу
Жыл сайын 7–8-ноябрда Кыргыз Республикасында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленип, өлкөнүн тарыхындагы оор сыноолорду башынан өткөргөн, кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүгүн, эркиндигин жана мамлекеттүүлүгүн сактап калууга өзүнүн эрдиги жана курмандыктары менен салым кошкон инсандардын жаркын элесине таазим кылынат.
Бул эскерүү күндөрү элдин тарыхый мурасын сактоонун, өткөн муундардын жаркын элесин урматтоонун жана алардын бай мурасын келечек муундарга өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгүн айгинелейт.
ТҮРКПА кыргыз элинин бай тарыхый жана маданий мурасын сактоонун маанилүүлүгүн жогору баалап, аны жалпы түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бөлүгү катары карайт. Ошондой эле боордош кыргыз элинин тарыхын түптөгөн, анын өнүгүшүнө жана бүгүнкү күнгө жетишине өз салымын кошкон бардык инсандардын жаркын элесине терең таазим кылат.
Элчи Рамил Хасан
ТҮРКПАнын Башкы катчысы