ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПАнын Башкы катчысынын Кыргыз Республикасынын Дипломатиялык кызматынын кызматкери күнүнө карата куттуктоо кайрылуусу

ТҮРКПАнын Башкы катчысынын Кыргыз Республикасынын Дипломатиялык кызматынын кызматкери күнүнө карата куттуктоо кайрылуусу

Дата
Көрүү
65

Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Эл аралык Катчылыгынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын дипломаттарын Дипломатиялык кызматынын кызматкери күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Бул маанилүү күндө кыргыз дипломаттарынын жогорку кесипкөйлүгүн, өз ишине берилгендигин жана өлкөнүн тышкы саясий артыкчылыктарын илгерилетүүгө, эл аралык байланыштарын чыңдоого, мамлекеттер ортосундагы конструктивдүү диалогду жана өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүүгө кошуп келе жаткан баалуу салымын өзгөчө белгилеп кетким келет.

Түрк мамлекеттердин ортосундагы биримдикти жана тилектештикти чыңдоого боордош Кыргыз Республикасынын кошкон салымын жогору баалоо менен, ТҮРКПА кызматташтыгыбызды мындан ары да тереңдетүүгө жана жалпы максаттарыбызды түрк дүйнөсүнүн жыргалчылыгы үчүн илгерилетүүгө болгон бекем умтулуусун ырастайт.

Кыргыз Республикасынын дипломаттарына кесиптик ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди, өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо боюнча жооптуу миссиясында албан ийгиликтерди каалайм.

Элчи Рамил Хасан

ТҮРКПАнын Башкы катчысы