2011-жылы Ош мамлекеттик университетин “Информациялык системалар жана технологиялар” адистиги боюнча бүтүргөн.
2019-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясын бүтүрүп, “Менеджмент” багыты боюнча МАГИСТР академиялык даражасы ыйгарылган;
2003-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн катарына чакырылган;
2009-2012-жылдары “Жаңы шаар Курулуш компаниясы” ЖЧКнын директору;
2014-жылдары “Арек курулуш” ЖЧКнын директорунун кеңешчиси;
2014-2017-жылдары “Кыргыз Каганат” ЖЧКнын директорунун кеңешчиси;
2018-2019-жылдары “Альфа Телеком” ЖАКнын башкы директорунун кеңешчиси;
2019-2020-жылдары “Альфа Телеком” ЖАКнын кеңешчиси;
2021-жылдын март айы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6-чакырылышынын депутаты;
2021-жылдын декабрь айы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаты: Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча Комитетинин Төрагасынын орун басары.