Башкы катчы ПАБдын 147-Ассамблеясына катышты
2023-жылдын, 23 октябрь

Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр 2023-жылдын 23-27-октябрында Луанда шаарында Анголанын Улуттук Жыйыны тарабынан уюштурулган Парламенттер аралык биримдиктин (ПАБ) 147-Асамблеясына жана ага байланыштуу жыйындарга катышты.

Иш-чарага 130 өлкөдөн 700дөй парламентарий жана ПАБда байкоочу статусуна ээ жана ага өнөктөш уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Инаугурация аземинде Ангола Республикасынын Президенти Жоао Мануэль Гонсалвес Лоуренчо, Анголанын Улуттук Ассамблеясынын Төрайымы Каролина Серкейра, ПАБдын Президенти Дуарте Пачеко, ПАБдын Башкы катчысы Мартин Чунгонг жана БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү Парфаит Онанга-Анянга сөз сүйлөштү.

Жалпы дебаттын жалпы темасы Бириккен Улуттар Уюмунун ТӨМ 16 (Туруктуу өнүгүү максаттары) менен тыгыз байланышта болгон “Тынчтык, адилеттүүлүк жана күчтүү институттар үчүн парламенттик ишмердик” болду. ПАБдын 147-Ассамблеясы катышуучуларды туруктуу өнүгүүгө жетишүүдөгү тиешелүү башкаруунун маанилүү ролун, коомчулук менен башкаруу структураларынын ортосундагы ишенимди чыңдоо жана мамлекеттик институттардын натыйжалуулугун жана өкүлчүлүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-аракеттерди талкуулоо жана пикир алмашуу үчүн аянтча менен камсыз кылган.

ПААнын бардык органдары, анын ичинде Аткаруу комитети, Башкаруучулар кеңеши, төрт атайын туруктуу комиссия, Аял парламентарийлердин форуму, Жаш парламентарийлердин форуму, Парламентарийлердин адам укуктары боюнча комитети, Жакынкы Чыгыш маселелери боюнча комитет жана Эл аралык гуманитардык укуктун сакталышына көмөктөшүү комитети ПАБ Ассамблеясынын алкагындагы тийиштүү жыйындарын. Программа ошондой эле Парламенттердин Башкы катчыларынын Ассоциациясынын (ПБКА) жыйынын жана өнөктөш уюмдар тарабынан уюштурулган бир катар кошумча иш-чараларды камтыган.

Багам аралдарынын Парламенти ПАБга кошулуп, Ассамблеянын жүрүшүндө анын 180-мүчөсү болуп калды. Башкаруу Кеңеши үч жылдык мандаты аяктаган Дуарте Пачеконун ордуна Танзания Бириккен Республикасынын парламентарийи Тулия Аксонду ПАБдын жаңы Президенти катары шайлады. Тулия Аксон - ПАБдын үчүнчү аял президенти жана Африкадан бул кызматты ээлеген биринчи аял. ПАБ парламенттерди колдоо үчүн бир катар жаңы өнүмдөрдү жана басылмаларды чыгарган.

ПАБдын 147-Ассамблеясы жалпы талкуунун жыйынтыгы боюнча документти кабыл алуу менен жыйынтыкталды.

Иш-чаранын алкагында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр ТҮРКПАга мүчө парламенттердин ПАБ делегациялары менен жолугушту.

ПАБ 1889-жылы түзүлгөн улуттук парламенттердин глобалдык уюму. Көп тараптуу саясий уюм катары ПАБ дүйнө парламентарийлеринин ортосундагы кызматташтыкты жана диалогду өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Учурда ПАБга 180 парламент мүчө болуп эсептелет. ТҮРКПА ПАБдын иш-чараларына 2010-жылдан бери туруктуу байкоочу катары катышып келет.