Азербайжан Республикасынын Эскерүү күнүнө карата билдирү
107
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Эл аралык Катчылыгынын атынан жыл сайын 27-сентябрда белгиленүүчү Азербайжан Республикасынын Эскерүү күнүнө карата Азербайжандын аймактык бүтүндүгү жана эгемендүүлүгү үчүн жанын аябаган Шейиттердин жаркын элесине терең сый-урмат менен таазим этебиз.
Бул ыйык күн – 2020-жылдагы 44 күндүк Ата Мекендик согуш мезгилинде Азербайжандын аймактык бүтүндүгү жана эгемендүүлүгү үчүн теңдешсиз эрдик жана жан аябастык көрсөтүп, өмүрүн курман кылган Ата Мекендин каарман уулдарына Азербайжан элинин терең урмат-сыйы жана ыраазычылыгы болуп саналат.
Элдин биримдиги, Жеңишке жеткен Жогорку Башкы командачы, Президент Илхам Алиевдин күчтүү эрки жана чечкиндүү жетекчилиги, Азербайжан Армиясынын каармандыгы жана берилгендиги менен жетишилген тарыхый Жеңиш Азербайжан мамлекеттүүлүгүнүн тарыхына адилеттүүлүктүн жана улуттук намыстын салтанаты катары жазылды.
Шейиттерибиздин жерлери жайлуу болсун.
Элчи Рамил Гасан,
Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы