ТҮРКПАнын Башкы катчысы Элчи Рамил Хасан мырзанын Улуттук лидер Гейдар Алиевдин туулган күнүнүн 103 жылдыгына карата кайрылуусу
Дата
Көрүү
51
Мамлекеттүүлүк салттарын бекемдөөдө, улуттук жана руханий баалуулуктарды коргоодо теңдешсиз кызмат көрсөткөн, заманбап Азербайжан мамлекетинин негиздөөчүсү, Улуттук лидер Гейдар Алиевди туулган күнүнүн 103 жылдыгында терең урматтоо жана ыраазычылык менен эскеребиз.
Улуу лидер Гейдар Алиев түрк дүйнөсүнүн биримдиги жана ынтымагы үчүн ар дайым жан аябастык менен эмгектенген көрүнүктүү лидер. Анын көрөгөч саясатынын аркасында боордош түрк мамлекеттердин ортосунда түптөлгөн кызматташтык бүгүнкү күндө ийгиликтүү уланууда.
Жалпы тарыхый тамырларга негизделген түрк дүйнөсүнүн биримдигинде өзгөчө роль ойногон Улуттук лидер Гейдар Алиевдин жаркын элесин терең урматтоо жана ыраазычылык менен эскеребиз.
Элчи Рамил Хасан,
ТҮРКПАнын Башкы катчысы
Издөө
Башка билдирүүлөр
-
Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо күнү
- 23 Apr 2026
-
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу күнү
- 03 Mar 2026