ТҮРКПА Катчылыгынын Хожалы кыргынын эскерүү күнүнө карата кайрылуусу
Дата
Көрүү
120
1992-жылдын 25-февралынан 26-февралына караган түнү Армениянын куралдуу күчтөрү тарабынан азербайжандык жарандарга карата акылга сыйбас ырайымсыздык менен жасалган тарыхтагы эң кандуу кылмыштардын бири болгон Хожалы кыргынынан 31 жыл өттү.
Азербайжандын Хожалы шаарына жасалган кол салуунун натыйжасында Азербайжандын жүздөгөн бейкүнөө жараны, анын ичинде карылар, аялдар жана балдар ырайымсыздык менен өлтүрүлгөн жана барымтага алынган.
Арадан жылдар өтсө да, Хожалы кыргынынын курмандыктары унутулбай, эсте жана жүрөктө сакталып келет. ТҮРКПА Хожалы кыргынынын курмандыктарын сый-урмат менен эскерип, алардын жаткан жери жайлуу болушун тилеп, Азербайжан эли жана өкмөтүн колдоону улантат.