Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү
Дата
Көрүү
337
1991-жылдын 31-августунда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө Декларациянын” кабыл алынышы менен Кыргыз Республикасы эркин жана көз карандысыз мамлекет катары түзүлгөн. Эгемендүүлүк күнү – кыргыз эли үчүн олуттуу мамлекеттик майрам, эркиндик үчүн күрөшүп, кыргыз мамлекетин түзүүгө салым кошкондордун элестерин эскерүү күнү. Жалпы тарыхы жана салттары миңдеген жылдарды камтыган Кыргызстан менен түрк мамлекеттердин ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелердин ырааттуу өнүгүп келе жатканын байкоо өтө кубанычтуу.
Биз ишмердүүлүктүн бардык тармактарында биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелерди мындан ары да чыңдоого жана тереңдетүүгө бекем умтулабыз.
ТҮРКПА үй-бүлөсү катары маанилүү улуттук майрам – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Ушул жаркын күндө бардык жарандарга жана үй-бүлөлөргө чың ден соолук, ынтымак, биримдик, тынчтык жана бакубатчылык каалайбыз.