Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик туу күнү
Дата
Көрүү
112
1918-жылы Азербайжан Демократиялык Республикасынын Мамлекеттик желеги кабыл алынган 9-ноябрь жыл сайын Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик желеги күнү катары белгиленет. Улуттук эгемендүүлүктүн символу болгон Азербайжандын мамлекеттик желеги элдин эркиндик идеологиясына, улуттук адеп-ахлактык баалуулуктарга жана жалпы адамзаттык идеалдарга берилгендигин көрсөтүү менен, эгемендүүлүктү калыбына келтиргенден кийин өлкөнүн бардык жарандары үчүн мамлекеттүүлүктүн ыйык символдорунун бири болуп калды.
Боордош Азербайжан элин Мамлекеттик туу күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайбыз.
Бир жолу көтөрүлгөн желек эч качан түшпөйт!