Азербайжан мамлекеттик медицина институтунун дарылоо-профилактика факультетин бүтүргөн. Азербайжан Республикасынын Президентинин алдындагы мунапыс комиссиясынын мүчөсү.
1976-жылдан Азербайжан Мамлекеттик Врачтарды даярдоо институтунун көкүрөк хирургиясы клиникасында медайым болуп иштеген. 1978-жылдан №4 шаардык клиникалык ооруканада ординатор, 1980-жылдан №6 кургак учук ооруканасынын дарыгери. 1984-жылдан башкы дарыгер. 1995-жылдан Сураханы райондук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1996-жылдан №1 кургак учукка каршы диспансеринин врачы, 1997-жылдан №6 кургак учукка каршы диспансеринин башкы дарыгери. 2002-жылдан Сабунчу райондук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн директору болуп иштеген. 2006-жылдан №4 кургак учукка каршы диспансердин башкы дарыгери.
Жаңы Азербайжан партиясынын Низами райондук бөлүмүнүн төрагасы. Парламенттин төртүнчү жана бешинчи чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Саламаттык сактоо комитетинин, Үй-бүлө, аялдар жана балдар иштери боюнча комитетинин жана Эсептөө комиссиясынын мүчөсү. Австрия, Улуу Британия, Чехия, Индия, Корея, Кыргызстан, Ливия, Словакиянын парламенттери менен байланыштар боюнча жумушчу топтордун мүчөсү.