Венгриянын Элчиси ТҮРКПА Катчылыгына келди
2023-жылдын, 7 март

2023-жылдын 7-мартында Венгриянын Азербайжан Республикасындагы Элчиси Тамаш Торма мырза Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр мырзага сылык сапары менен келди.

Башкы катчы Торма мырзага ыраазычылык билдирип, аны элчи кызматына киришүүсү менен куттуктап, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Башкы катчы Ассамблеянын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди. Тараптар ТҮРКПАга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана мындан аркы өнүгүүсү боюнча пикир алмашышты.