Бакуда маданияттар аралык диалог боюнча 6-дүйнөлүк форум өттү
2024-жылдын 1-майы

2024-жылдын 1-майында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр “Тынчтык жана глобалдык коопсуздук үчүн диалог” аттуу 6-Бүткүл дүйнөлүк маданияттар аралык диалог форумунун ачылыш аземине катышты.

2008-жылы Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев тарабынан демилгеленген “Баку процессинин” алкагында өткөн Форум Бириккен Улуттар Уюмунун Цивилизациялар Альянсы БУУ ЦА), ЮНЕСКО, БУУнун Туризм боюнча Уюму жана Билим берүү, илим жана маданият боюнча дүйнөлүк ислам уюму (БИМДИУ) сыяктуу уюмдар менен кызматташтыкта уюштурулган.

Үч күнгө созулган иш-чарага 100дөн ашуун өлкөнүн 700дөй өкүлү, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, дүйнөнүн төрт бурчунан белгилүү маданият ишмерлери, журналисттер, жарандык коом уюмдары жана интеллигенция өкүлдөрү чогулуп, глобалдык актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Ачылыш аземинде Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев сөз сүйлөдү. Форумдун катышуучуларын куттуктап жатып, мамлекет башчысы алдыдагы талкуулар жана идеялар маданияттар аралык диалогго болгон мамилени андан ары өнүктүрүүгө, учурдагы жана мүмкүн болуучу коркунучтарды азайтуу үчүн биргелешип иштөө ыкмаларын табууга өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.

Форумдун алкагында билим берүү, жаштар политикасы, климаттын өзгөрүшү, жасалма интеллект, маданий мурастарды коргоо, мыйзамсыз миграция жана башка тармактардагы талкууларга арналган 4 пленардык отурум жана 12 панелдик талкуу болду.

Маданияттар аралык диалог боюнча алтынчы дүйнөлүк форумдун негизги максаты тынчтык жана коопсуздук үчүн глобалдык императивдерди алдыга жылдыруу кызматында диалогду илгерилетүү, кызматташтыктын алкактары, лидерликтин натыйжалуулугу жана өз ара байланыштын татаал динамикасынын ортосундагы критикалык мамилелерди изилдөө болгон.