Бишкекте Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын семинары өттү
2024-жылдын 18-апрели

2024-жылдын 18-апрелинде Бишкекте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан уюштурулган “ТҮРКПАга мүчө-мамлекеттердеги соода-экономикалык мамилелерди өз ара чыңдоо механизми катары соода миссиялары жана аларды натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү” деген темада семинар болуп өттү. Экономикалык кызматташтык комиссиясынын 11-жыйынынын алкагында уюштурулган семинарга ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн парламентарийлери, эксперттери, мамлекеттик органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Ачылыш аземине Комиссиянын Төрагасы, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин депутаты Анас Баккожаев (онлайн форматта), Комиссиянын Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Чолпон Султанбекова жана ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр катышты.

Семинардын жүрүшүндө Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Экономикалык мыйзамдар бөлүмүнүн мүлк укугу секторунун башчысы Надир Султанов, Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлигинин соода-экономикалык өнүгүү департаментинин директорунун орун басары Меруерт Абдигалиева (онлайн форматта), Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палаталасынын вице-президенти Толкунай Таалайбекова, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Парламенттик тобунун Катчылыгынын Тышкы иштер жана протокол бөлүмүнүн мыйзам чыгаруу маселелери боюнча адиси Эржан Дурдулар, Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигине караштуу "Кыргыз экспорт" экспортту илгерилетүү жана өнүктүрүү борборунун директорунун орун басары Тилек Жумалиев жана Түркия Республикасынын Бишкектеги элчилигинин соода боюнча кеңешчиси Хүсейн Коч презентациялары менен бөлүшүп, өз өлкөлөрүндөгү соода өкүлчүлүктөрүнүн системасы тууралуу маалымат беришти. Катышуучулар тажрыйбалары менен бөлүшүп, катышуучу өлкөлөрдүн соода-экономикалык мамилелерин жакшыртуу үчүн соода миссияларын колдонуу механизмдери боюнча пикир алмашышты.

Комиссиянын катчысы Бауыржан Даткаев алып барган семинар жыйынтыктоочу баа берүү менен жыйынтыкталды.