ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча Комиссиясынын биринчи жыйыны
2011-жылдын, 24 ноябрь – 2011-жылдын, 25 ноябрь
Астана

ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын биринчи жыйыны 2011-жылдын 24-25-ноябрында Астана шаарында өткөн. Жыйында Билге Горгуд программасы боюнча отчеттор жана сунуштар, Түрк тилдүү элдердин ортосундагы социалдык, маданий жана гуманитардык мамилелердин жаңы баскычы талкууланды.

Казакстан Республикасынын Сенатору жана Комиссиянын Төрагасы Гарифолла Есим мырзанын төрагалыгы астында өткөн жыйынга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия парламенттеринин мүчөлөрү катышты.

Комиссия тарабынан жактырылгандан кийин, сунуштар 2012-жылы Бишкекте өткөн ТҮРКПАнын үчүнчү пленардык жыйынына кабыл алуу үчүн берилген. Андан кийин бул документтер мүчө өлкөлөрдүн парламенттерине бул жааттагы жаңы мыйзамдарды иштеп чыгуу боюнча сунуш катары жөнөтүлдү.