ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча Комиссиясынын төртүнчү жыйыны
2015-жылдын, 29 апрель
Бишкек

2015-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Халук Ипек мырзанын төрагалыгы астында ТҮРКПАнын Эл аралык байланыштар жана укук боюнча Комиссиясынын Төртүнчү жыйыны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан өткөрүлдү.

Жыйында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын делегациялары катышты. Мүчө өлкөлөрдөгү шайлоо системасы боюнча отчет жана сунуштама чечими, ошондой эле Ассамблеянын бул багыттагы иш-аракеттери жыйындын күн тартибине киргизилди. Ипек мырза ТҮРКПА 2010-жылдан бери байкоочу болуп келгендигин жана ушул кезге чейин ар кандай шайлоолорго байкоо жүргүзүп, отчетторду жарыялаганын белгиледи. Комиссиянын шайлоону байкоо жүргүзүү боюнча ишинин маанилүүлүгүн баса белгилеп, Ипек мырза, бул жыйындын улуттук шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө, тажрыйба алмашууга, ошондой эле мүчө өлкөлөрдүн жогорку шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө болорун билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сөөгү коюлган Ата-Бейит мемориалдык комплексине барышты. Комиссиянын кезектеги жыйынын Түркияда өткөрүү чечими кабыл алынды.