ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык Комиссиясынын төртүнчү жыйыны
2014-жылдын, 10 ноябрь
Астана

2014-жылдын 10-ноябрында Казакстан Республикасынын Парламентинде ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык Комиссиясынын төртүнчү жыйыны болуп өттү. Жолугушуунун негизги темасы “Түрк тилдүү мамлекеттердин энергетика тармагын өнүктүрүүдөгү кызматташтыгы” болду.

Жыйынды ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык Комиссиясынын Төрагасы жана Казакстан Парламентинин депутаты Серикжан Канаев мырза жетектеди. ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердин парламент депутаттары Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы энергетикалык кызматташтыкты арттыруу маселесин талкуулашты. Жыйынга катышкан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин өкүлү катышуучуларга Түрк тилдүү мамлекеттердин Кеңеш алкагында энергетика жаатында кызматташуусу жөнүндө маалымат берди.

Жыйында энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча отчет талкууланып, төрт өлкөнүн парламенттерине жана өкмөттөрүнө жолдонгон сунуштама жактырылды.

Комиссия альтернативдик жана жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. Ушуга байланыштуу, Комиссиянын төрагасы Серикжан Канаев, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин энергетика жаатындагы келечектеги багыттарды эске алып, Астана шаарында, негизги темасы келечектеги энергия булактарына байланыштуу ЭКСПО-2017 өткөрүү демилгесин көтөрүп чыккандыгын белгиледи.

Комиссиянын кезектеги бешинчи жыйынын 2015-жылдын экинчи жарымында Кыргыз Республикасында өткөрүү чечими кабыл алынды.

Иш сапардын жүрүшүндө комиссия мүчөлөрү Энергетика министрлигинин жетекчилиги жана "Астана ЭКСПО-2017" Акционердик коомунун Башкармасы менен жолугушту.