ТҮРКПАнын түзүлгөндүгүнүн 17 жылдыгына карата Башкы катчынын куттуктоо кайрылуусу
Дата
Көрүү
162
Бүгүн Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) түзүлгөндүгүнүн 17 жылдыгы белгиленүүдө.
Ассамблеянын ишмердүүлүгүнүн негизи 2008-жылы Долмабахче сарайында - биздин бекем достугубуздун жана боордоштугубуздун символу болгон тарыхый келишимге кол коюу менен түптөлгөн. Ушул чечүүчү учурдан тартып ТҮРКПА парламенттик диалог жана кызматташтык үчүн негизги аянтча катары туруктуу өнүгүп, ага мүчө парламенттердин урматтуу Төрагалары жетекчилик кылып, урматтуу парламентарийлерибиздин баалуу салымдары менен бекемделди.
Мамлекет башчылардын жетекчилиги астында жана Түрк Мамлекеттер Уюму тарабынан кабыл алынган тарыхый чечимдерге ылайык, Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы ата-бабаларыбыздан калган миссияны ак ниеттүүлүк менен аткарып келет. Биздин боордош мүчө өлкөлөрдүн — Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын баа жеткис салымын таанып, Өзбекстан менен Түркмөнстандын жакынкы келечекте катышуусун чыдамсыздыкта күтүү менен ТҮРКПА парламенттик дипломатияны, мыйзамдарды жана эл аралык укуктук негиздерди шайкеш келтирүү менен кошо, мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү алга жылдырууда маанилүү кадамдарды жасап жатат.
Бул аракеттер биздин жалпы стратегиялык көз караштарга, өз ара кызматташтыкка жана улуттук кызыкчылыктарыбызга толук ылайык жүргүзүлүп, өлкөлөрүбүздүн эл аралык арендагы жалпы үнүн бекемдөө максатында ишке ашырылууда жана келечекте да ийгиликтүү улантылат.
Ушул маанилүү күндө мүчө мамлекеттердин парламенттеринин Төрагаларын, парламентарийлерди жана Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясынын ишмердүүлүгүнө салым кошкондордун баарын чын жүрөктөн куттуктайм. Жакынкы жылдары биздин биримдигибиз дагы да бекемделип, ТҮРКПА биздин элдердин ортосундагы парламенттер аралык кызматташуунун жана туруктуу достуктун кеңейип бара жаткан көпүрөсү катары кызмат кыла берет деп терең ишенем.
Элчи Рамил Хасан
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Баш катчысы