TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПАнын Башкы катчысынын 15-июль – Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата куттуктоо кайрылуусу

ТҮРКПАнын Башкы катчысынын 15-июль – Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата куттуктоо кайрылуусу

Дата
Көрүү
39

Боордош Түркия Республикасын жана түрк элин 15-июл - Демократия жана улуттук биримдик күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

2016-жылдын 15-июлунда түрк эли демократиялык эркин, мамлекетин жана конституциялык түзүлүшүн чечкиндүүлүк менен коргоп, демократиялык баалуулуктарга болгон бекем берилгендигин бүткүл дүйнөгө көрсөттү. Бул күн Түркия Республикасынын бекем демократиялык салттарынын, улуттук биримдик рухунун жана элинин эгемендүү эркинин эң маанилүү символдорунун бири болуп эсептелет.

Түркия Республикасынын туруктуулугу жана күч-кубаты өлкөнүн өзү үчүн гана эмес, жалпы тарых жана орток баалуулуктар менен бириккен бүтүндөй Түрк дүйнөсү үчүн да зор мааниге ээ. Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы (ТҮРКПА) катары Түркиянын түрк мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты жана тилектештикти өнүктүрүүгө кошуп жаткан баалуу салымы жалпы максаттарыбызды ишке ашырууга өбөлгө түзүп жатканын өзгөчө белгилейбиз. Ошондой эле биримдигибиз менен ынтымагыбыз орток келечегибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да бекемделе берет деген терең ишенимибизди билдиребиз.

Бул маанилүү күнү демократияны коргоо жолунда өз өмүрүн курмандыкка чалгандардын элесине терең урмат-сый менен таазим этип, баатыр ардагерлерге чын дилден ыраазычылык билдирем. Боордош түрк элин 15-июль – Демократия жана улуттук биримдик күнү менен дагы бир жолу чын жүрөктөн куттуктайм.

Элчи Рамил Хасан,

ТҮРКПАнын Башкы катчысы