ТҮРКПАнын Башкы катчысынын Түрк Аба күчтөрүнүн жүк ташуучу учагынын кулашына байланыштуу көнүл айтуу билдирүүсү
Дата
Көрүү
134
2025-жылдын 11-ноябрында Азербайжандын Гянжа шаарынан Түркияга багыт алган Түрк Аба күчтөрүнө таандык аскердик жүк учагы Грузия жана Азербайжан чек арасында кулап түшкөн бул каргашалуу кырсык баарыбызды терең кайгыга салды жана чоң өкүнүч жаратты.
Баатыр түрк аскерлерин ташып бараткан бул учактын кулашы менен болгон оор жоготуу түрк элинин жүрөгүндө терең жара калтырды. Боордош түрк элине жана Куралдуу күчтөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, курман болгондорго Алладан ырайым, кайгырган үй-бүлөлөрүнө сабыр, жаракат алган аскерлерге тез сакайып кетүүсүн каалайбыз.
Бул оор мезгилде Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы катары негиздөөчү мүчөлөрүбүздүн бири болгон Түркия Республикасынын жана түрк элинин ар дайым жанында экенибизди билдиребиз. Кырсыктын себептерин аныктоо үчүн даярдала турган иликтөө иштеринде бул каргашалуу окуянын бардык жагдайлары толук ачылат деп ишенебиз.
Боордоштугубуз бир жана түбөлүктүү. Бул оор күндөрдө Түрк дүйнөсүнүн баары менен бирге кайгыруу сезимибизди бөлүшүп, тилектештигибизди дагы бир жолу жарыялайбыз.
Элчи Рамил Хасан
ТҮРКПАнын Башкы катчысы