TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПАнын Башкы катчысынын Азербайжан Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата куттуктоо кайрылуусу

ТҮРКПАнын Башкы катчысынын Азербайжан Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата куттуктоо кайрылуусу

Дата
Көрүү
24

9-июлда Азербайжан Республикасында Дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет.

Бул майрам өлкөнүн дипломатиялык кызматынын өкүлдөрүнүн жогорку кесипкөйлүгүн, өз ишине берилгендигин жана мамлекеттин кызыкчылыктарын эл аралык аренада илгерилетүүдөгү жоопкерчиликтүү эмгегин даңазалайт. Азербайжан дипломаттары өлкөнүн тышкы саясий артыкчылыктарын натыйжалуу жүзөгө ашырууга, анын эл аралык аброюн чыңдоого жана дүйнө өлкөлөрү менен өз ара ишенимге жана урматтоого негизделген кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп келишет.

ТҮРКПАнын Эл аралык Катчылыгынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Азербайжан Республикасынын дипломаттарын жана дипломатиялык кызматтын бардык кызматкерлерин чын жүрөктөн куттуктап, маанилүү ишмердүүлүгүндө мындан ары да ийгиликтери, ал эми Азербайжан элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүүнү каалайм.                      

Элчи Рамил Хасан,

ТҮРКПАнын Башкы катчысы