ТҮРКПАнын Башкы катчысынын АӨИЧК Катчылыгынын түзүлгөнүнүн 20 жылдыгына карата кайрылуусу
Дата
Көрүү
113
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын Эл аралык катчылыгынын атынан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин (АӨИЧК) Катчылыгын түзүлгөнүнүн 20 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм.
ТҮРКПА АӨИЧК менен өнөктөштүк мамилелерди жана конструктивдүү кызматташтыкты жогору баалайт жана парламенттик дипломатия менен көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн айкалышы бүткүл аймакта тынчтыкты, туруктуулукту жана туруктуу өнүгүүнү илгерилетүүнүн маанилүү тиреги болуп саналат деген ишенимде.
Бул маанилүү маараке күнү АӨИЧК Катчылыгына өзүнүн жооптуу миссиясын ишке ашырууда мындан аркы ийгиликтерди жана келечектеги ишмердүүлүгүндө жаңы жетишкендиктерди каалайм.
Элчи Рамил Хасан,
ТҮРКПАнын Башкы катчысы