ТҮРКПАнын 20-январь – Улуттук аза күтүү күнүнө карата кайрылуусу
Дата
Көрүү
136
19-январдан 20-январга караган түнү СCРС жетекчилигинин буйругу менен Бакуда жана ага жакын аймактарда карапайым калк кыргынга учураган эң кандуу түндөн 35 жыл өттү. Советтик аскерлер тарабынан уюштурулган январь трагедиясынын натыйжасында 150 жайкын тургун набыт болуп, 744 киши, анын ичинде аялдар, балдар жана карылар, медициналык кызматкерлер жана милиция кызматкерлери жаракат алган. 1990-жылдагы каргашалуу окуялардын курмандыктары символикалык түрдө “20-январь шейиттери” деп аталган. Азербайжанда жалпысынан 150 “20-январь шейити” бар.
Боордош элдин улуттук биримдигинин жана мекенчилдигинин символуна айланган бул күнү ТҮРКПА Азербайжандын көз карандысыздыгы жана эгемендиги үчүн өз өмүрүн курман кылган уул-кыздарын сый-урмат менен эскерет.
Алла Тааладан шейиттердин жаткан жери жайлуу болушун тилейбиз!