ТҮРКПА Катчылыгынын Караганда облусундагы Костенко шахтасында болгон каргашалуу кырсыкка байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсү
Дата
Көрүү
141
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын Катчылыгы Казакстандын Караганда облусундагы Костенко шахтасында болгон жарылуунун натыйжасында шахтерлордун каза болгонуна байланыштуу кайгылуу кабарды терең кайгыруу менен алды.
Катчылык бир тууган Казакстан Республикасынын элинин жана өкмөтүнүн кайгысын тең бөлүшөт, каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайт.