Түркия Республикасынын 15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата Башкы катчынын кайрылуусу
Дата
Көрүү
136
Тарых сахнасында чыккан учурдан тартып, миңдеген жылдар бою тилектештик рухунда өзүнүн мамлекетин бир желек астында кармап келген жана сейрек цивилизациялардын биринин негиздөөчүсү болгон Улуу түрк элинин акыркы улуу баатырдык окуяларынын бири болгон 15-июлда, каршылык көрсөтүүнүн 8 жылдыгында ТҮРКПА жамаатынын атынан ыйык шейиттерибиздин жаркын элесине таазим этип, 15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнү менен куттуктайм.
2016-жылдын 15-июлунда Түркия Республикасы эң кара күндөрдүн бирин башынан өткөрдү. Түрк Куралдуу Күчтөрүнүн ичине кирип, Фетуллахчы террордук уюмунун (ФЕТО) мүчөлөрү Түркияда кандуу төңкөрүш жасоого аракет кылышкан, бирок түрк элинин баатыр уулдарынын каршылык көрсөтүүсү аркасында аракет ишке ашкан эмес.
Бүгүн, 2016-жылдын 15-июлуна салыштырмалуу күчтүүраак, туруктуураак, келечекке дагы ишенимдүү кадамдар жасап жаткан Түркия Республикасынын ФЕТОго жана башка бардык террордук уюмдарга каршы уланып жаткан күрөшүндө өз колдообузду сыймыктануу менен тастыктайбыз.
Аллах Түркиянын душмандарынын араздашуусуна жол бербей, түрк өлкөсүн тынчтыкта жана биримдикте түбөлүк сактасын.
**Элчи Мехмет Сүрейя Эр** ТҮРКПАнын Башкы катчысы
**Элчи Мехмет Сүрейя Эр** ТҮРКПАнын Башкы катчысы