Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын Катчылыгынын 6-февраль "Кырсык курмандыктарын эскерүү жана тилектештик күнүнө" карата кайрылуусу
Дата
Көрүү
124
2023-жылдын 3-ноябрында Астана шаарында өткөн Түрк Мамлекеттер Уюмунун 10-саммитинде 6-февраль - "Кырсык курмандыктарын эскерүү жана тилектештик күнү" деп жарыяланган.
Түрк элдери Түркиянын түштүк-чыгыш аймактарындагы жер титирөөлөрдөн улам пайда болгон үрөй учурган кырдаалга ыкчам жооп кайтаруу менен биримдигин жана тилектештигин көрсөтүштү. Түрк дүйнөсү мамлекеттик деңгээлде да, ар кандай өлкөлөрдөн келген жеке адамдар аркылуу да активдүүлүгүн көрсөтүштү.
Биздин чексиз биримдигибизди жана оор мезгилдеги ынтымагыбызды ырастап, мындай окуялар эч качан кайталанбайт деп үмүттөнөбүз. Бардык элдерге гүлдөп-өнүгүү жана тынч жашоону каалайбыз.
ТҮРКПА Катчылыгы дагы бир жолу курман болгондор үчүн Алладан ырайым сурап, дарыланып жаткандарга тезирээк сакайып кетишин тилейт.