Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү
Дата
Көрүү
149
1991-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кыргыз элинин эркиндикке, саясий эгемендүүлүккө жана өз алдынча өнүгүүгө болгон умтулуусун расмий түрдө тастыктаган Мамлекеттик көз карандысыздык жөнүндө декларацияны кабыл алуусу менен Кыргыз Республикасы эгемен мамлекет катары өз жолун баштаган.
Эгемендүүлүк күнү – кыргыз эли үчүн эң жогорку мамлекеттик майрам жана эркиндик үчүн күрөшүп, кыргыз мамлекетин түзүүгө салым кошкондордун элестерин эскерүү күнү.
Түрк мамлекеттердин ортосунда өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө, тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоого, орток тарыхый, маданий баалуулуктарды сактоодо Кыргыз Республикасынын кошкон салымын биз жогору баалайбыз.
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын атынан боордош кыргыз элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз жана эгемен мамлекетти өнүктүрүү жолунда мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!