TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү

Дата
Көрүү
344
1991-жылдын 31-августунда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө Декларациянын” кабыл алынышы менен Кыргыз Республикасы эркин жана көз карандысыз мамлекет катары түзүлгөн. Эгемендүүлүк күнү – кыргыз эли үчүн олуттуу мамлекеттик майрам, эркиндик үчүн күрөшүп, кыргыз мамлекетин түзүүгө салым кошкондордун элестерин эскерүү күнү. Жалпы тарыхы жана салттары миңдеген жылдарды камтыган Кыргызстан менен түрк мамлекеттердин ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелердин ырааттуу өнүгүп келе жатканын байкоо өтө кубанычтуу. Биз ишмердүүлүктүн бардык тармактарында биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелерди мындан ары да чыңдоого жана тереңдетүүгө бекем умтулабыз. ТҮРКПА үй-бүлөсү катары маанилүү улуттук майрам – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Ушул жаркын күндө бардык жарандарга жана үй-бүлөлөргө чың ден соолук, ынтымак, биримдик, тынчтык жана бакубатчылык каалайбыз.