Казакстан Республикасынын Дипломатиялык кызмат күнүнө карата ТҮРКПАнын Башкы катчысынын билдирүүсү
52
2-июлда Казакстан Республикасы Дипломатиялык кызмат күнүн белгилейт.
Бул кесиптик майрам Казакстандын дипломаттарынын өлкөнүн тышкы саясатынын максаттарын жүзөгө ашырууга жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого кошкон баалуу салымын, ошондой эле алардын жогорку кесипкөйлүгүн, өз ишине берилгендигин жана үзүрлүү эмгегин даңазалайт.
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Эл аралык катчылыгынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Казакстан Республикасынын дипломаттарын жана дипломатиялык кызматтын бардык кызматкерлерин чын жүрөктөн куттуктайм. Аларга жооптуу жана ардактуу миссиясын ийгиликтүү аткарууда мындан аркы ийгиликтерди, ал эми боордош Казакстан элине тынчтык, өсүп-өнүгүү жана бакубатчылык каалайм.
Элчи Рамиль Хасан,
ТҮРКПАнын Башкы катчысы