TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Башкы катчынын 15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата кайрылуусу

Башкы катчынын 15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата кайрылуусу

Дата
Көрүү
143
Тарых сахнасында чыккан учурдан тартып, миңдеген жылдар бою тилектештик рухунда өзүнүн мамлекетин бир желек астында кармап келген жана сейрек цивилизациялардын биринин негиздөөчүсү болгон Улуу түрк элинин акыркы улуу баатырдык окуяларынын бири болгон 15-июлда, каршылык көрсөтүүнүн 7 жылдыгында ТҮРКПА жамаатынын атынан ыйык шейиттерибиздин жаркын элесине таазим этип, 15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнү менен куттуктайм. 2016-жылдын 15-июлунда Түркия Республикасы эң кара күндөрдүн бирин башынан өткөрдү. Түрк Куралдуу Күчтөрүнүн ичине кирип, Фетуллахчы террордук уюмунун (ФЕТО) мүчөлөрү Түркияда кандуу төңкөрүш жасоого аракет кылышкан, бирок түрк элинин баатыр уулдарынын каршылык көрсөтүүсү аркасында аракет ишке ашкан эмес. Бүгүн, 2016-жылдын 15-июлуна салыштырмалуу күчтүүраак, туруктуураак, келечекке дагы ишенимдүү кадамдар жасап жаткан Түркия Республикасынын ФЕТОго жана башка бардык террордук уюмдарга каршы уланып жаткан күрөшүндө өз колдообузду сыймыктануу менен тастыктайбыз.
**Элчи Мехмет Сүрейя Эр** ТҮРКПАнын Башкы катчысы