Азербайжандын Тегерандагы Элчилигине куралдуу кол салуу боюнча билдирүү
Дата
Көрүү
157
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын Катчылыгы 2023-жылдын 27-январында Азербайжан Республикасынын Тегерандагы Элчилигине куралдуу кол салууну кескин айыптайт. Натыйжада Элчиликтин коопсуздук кызматынын башчысы каза болуп, эки коопсуздук кызматкери жаракат алган.
ТҮРКПА Катчылыгы бул жийиркеничтүү кол салууну тыкыр иликтөөгө чакырат жана күнөөлүүлөр жоопко тартылат деп үмүттөнөт.
Катчылык боордош Азербайжан элинин кайгысын тең бөлүшөт, каза болгон элчиликтин кызматкерлеринин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайт.