Азербайжандын Карабак аймагында мыйзамсыз режим уюштурган “президенттик шайлоо”го байланыштуу билдирүү
Дата
Көрүү
138
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын Катчылыгы 2023-жылдын 9-сентябрында Азербайжан Республикасынын Карабак аймагында Армения тарабынан түзүлгөн мыйзамсыз режим тарабынан уюштурулган “президенттик шайлоону” кескин айыптайт.
Эл аралык укуктун нормаларын жана принциптерин, ошондой эле Азербайжан Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын одоно бузуу катары бул чагымчыл кадам аймактагы тынчтыкты жана стабилдүүлүктү жана Карабак аймагындагы армян тургундарынын реинтеграция аракеттерине сокку болуп саналат.
Боордош Азербайжандын эгемендигине, аймактык бүтүндүгүнө жана эл аралык таанылган чек араларынын кол тийбестигине болгон чечкиндүү колдоосун кайталап, ТҮРКПА Катчылыгы аймактагы нормалдаштыруу аракеттерине коркунуч келтире турган кадамдардан алыс болууга чакырат.