Азербайжанда Жеңиш күнү
Дата
Көрүү
178
44 күнгө созулган Ата Мекендик согушта Азербайжандын даңктуу Армиясы Башкы колбашчы Президент Ильхам Алиевдин жетекчилиги астында жетишилген жеңиш боордош Азербайжан элинин чечкиндүүлүгүн, туруктуулугун жана улуттук тилектештигин дагы бир жолу көрсөттү. Азербайжан өзүнүн аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирип, тарыхынын дагы бир баатырдык барагын жазды.
Даңазалуу жеңиш аймактагы туруктуу тынчтык, стабилдүүлүк жана өнүгүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачып, түрк биримдигине баалуу салым кошту. Тарыхтын эсинде түбөлүккө сакталган бул даңктуу жеңиш бүткүл түрк дүйнөсүнүн жеңиши катары ар дайым сый-урмат менен эскерилет.
Ушул куттуу күнү Азербайжан элин Улуу Жеңишинин 3 жылдыгы менен куттуктап, боордош Азербайжандын аймактык бүтүндүгү үчүн өз өмүрлөрүн кыйган баатыр жоокерлердин, шейиттердин ыйык элесине таазим этип, алардын рухтарына дуба кылабыз.