Азербайжанда эскерүү күнү
Дата
Көрүү
224
27-сентябр Азербайжанда 2020-жылда 44 күнгө созулган Ата Мекендик согушта чоң эрдик көрсөткөн жана Азербайжан Республикасынын аймактык бүтүндүгү үчүн жанын берген шейиттерге терең сый-урмат көрсөтүү менен аларды эскерүү күнү болуп саналат.
Башкы колбашчы Президент Ильхам Алиевдин жетекчилиги астында Азербайжан элинин эрки, жеңиштүү Азербайжан армиясынын чечкиндүүлүгү жана болуп көрбөгөндөй эрдиги азыркы тарыхка кайталангыс окуя катары кирген улуу жеңишти камсыз кылышты.
Эскерүү күнүндө ТҮРКПА боордош Азербайжандын аймактык бүтүндүгү үчүн жанын берген шейиттердин жаркын элесине таазим этип, алардын жаткан жери жайлуу болушун тилейт.