Азербайжанда Аза күтүү күнү ТҮРКПА Катчылыгында желектер жарым ылдый түшүрүлдү
Дата
Көрүү
168
Казакстандын Актау шаарына жакын жерде Баку-Грозный каттамындагы жүргүнчү учактын кырсыкка учурашы кесепетинен адамдардын каза болушунан улам Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиевдин жарлыгына ылайык 2024-жылдын 26-декабры Аза күтүү күнү деп жарыяланышына байланыштуу ТҮРКПА Катчылыгы Азербайжан элинин кайгысын тең бөлүшүп, желектерди жарым ылдый түшүрдү.
ТҮРКПА Азербайжан Республикасынын элине жана жетекчилигине, ошондой эле бул коркунучтуу жана азаптуу окуядан жапа чеккен бардык өлкөлөрдүн элдерине терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Ушул кайгылуу мүнөттөрдө ТҮРКПА курман болгондорго кайгырып, бул каргашалуу окуяда каза болгондордун жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтат жана жарадар болгондордун тезирээк сакайып кетишин каалайт.