TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Венгриянын Элчиси Баш катчыга сылыктык сапар жасады

Венгриянын Элчиси Баш катчыга сылыктык сапар жасады

Дата
Көрүү
119
2020-жылы 30-октябрда Венгриянын Азербайджан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Виктор Седеркеньи мырза Баш катчы Алтынбек Мамаюсупов мырзага сылыктык сапар жасады. Седеркеньи мырза Баш катчыга Венгриянын Улуттук күнү куттуктаганы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Баш катчы пандемиянын шартында Ассамблея тарабынан көрүнгөн жана келечектеги иш чаралар жөнүндө Элчиге маалымдады. Мамаюсупов мырза Венгрия жана Түрк өлкөлөрдүн арасындагы эки жана көп тараптуу жогорку деңгелдеги байланыштарды өзгөчө белгиледи жана Венгриянын Парламенти ТҮРКПАнын иш чараларында байкоочу катарында үзгүлтүксүз катышуусун мактады. Тараптар Covid-19 пандемиянын шартында Венгрия менен мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыгы боюнча пикир алмашышты.