TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПАнын Жаш парламентарийлер тобунун жетекчиси Ашхабаддагы эл аралык конференцияга катышты

ТҮРКПАнын Жаш парламентарийлер тобунун жетекчиси Ашхабаддагы эл аралык конференцияга катышты

Дата
Көрүү
157
2023-жылдын 27-декабрында ТҮРКПАнын Жаш парламентарийлер тобунун жетекчиси, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) мүчөсү Эмре Чалышкан Түркмөнстан Межлисинин Төрайымы Дүньягөзел Гулманованын атайын чакыруусу менен "Аркадаг Сердар менен бактылуу жаштык" жылына арналган Түркмөнстандын Ашхабад шаарында Түркмөнстандын Соода өнөр жай палатасынын имаратында уюштурулган Эл аралык илимий конференциясына жана көргөзмөсүнө катышты. Президенттин жарлыгына ылайык, "Аркадаг Сердар менен бактылуу жаштар" деп жарыяланган 2023-жыл түркмөн элинин жаштар менен бирге Түркмөнстандын президенти Сердар Бедымухамедовдун жетекчилиги астында Баатыр Аркадаг жолун басып өтүүгө жана өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсү үчүн талыкпай эмгектенүүгө умтулуусун чагылдырган символикалык мааниге ээ. Конференцияга министрликтердин, мекемелердин, коомдук уюмдардын, ошондой эле БУУнун агенттиктеринин жана башка эл аралык бирикмелердин өкүлдөрү катышты. Конференциянын жүрүшүндө Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов ачылыш сөз сүйлөдү. Бердымухамедов Түркмөнстандын жаштарынын мындан ары да өлкөнүн өнүгүшү жана келечекте анын эл аралык аброюн мындан ары да жогорулатуу үчүн жана жан-дили менен иштөөнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Депутат Эмре Чалышкан маалымат каналдарында берген интервьюсунда Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган баштаган эки өлкөнүн, Түркмөнстандын жана Түркиянын лидерлеринин олуттуу аракеттерин жана бул процесске жаш парламентарийлердин кошкон салымын баса белгиледи. Депутат Чалышкан Түркмөнстандын ТҮРКПАга жана Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) толук кандуу мүчөлүгүнө байланыштуу сөз сүйлөп жатып, бул иштин эң жакынкы мезгилде ишке ашарына ишенимин билдирди. Конференциянын жыйынтыгында Президент Бердымухамедов "Аркадаг Сердар менен бактылуу жаштар" жылдын жыйынтыгын баалоого уруксат берген токтомго кол койду. Токтомдун максаты — быйылкы жылы Түркмөнстандын жаш муундарынын билим алуу, илим, маданият, өнөр жай, айыл чарба жана эл чарбасынын башка тармактарындагы жетишкендиктерин көрсөтүү.