ТҮРКПАнын Жаш парламентарийлер тобунун таанышуу жыйыны болуп өттү
Дата
Көрүү
128
2022-жылдын 19-апрелинде ТҮРКПАнын Жаш парламентарийлер тобунун таанышуу жыйыны онлайн форматта уюштурулду.
Иш-чарага топтун мүчөлөрү жана ТҮРКПАнын Катчылыгынын өкүлдөрү катышты. Жыйын топтун жетекчиси, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин мүчөсү Елдос Абаканов мырзанын жетекчилиги астында болуп өттү. Ал катышуучулар менен учурашып, Топтун ишмердигине ийгиликтерди каалады.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар Топтун биринчи жыйынынын темасын жана датасын белгилөө маселесин талкуулашты.