TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПАнын мөөнөттөгү төрагасы Катчылыкта болду

ТҮРКПАнын мөөнөттөгү төрагасы Катчылыкта болду

Дата
Көрүү
121
2019-жылдын 6-март күнү Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы кызмат ордуна жаңы шайланган жана ТҮРКПАнын мөөнөттөгү төрагасы Мустафа Шентоп баштагаган делегация, Азербайжан Республикасынын Милли Меджилисинин төрагасы Октай Асадов жана парламент өкүлдөрү менен бирге ТҮРКПА Катчылыгында болушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы катчы 2019-жылы Түркиянын төрагалыгы учурунда жүргүзүлүп жаткан жана келечекте уюштурула турган иш-чаралар боюнча маалымат берди. ТУУЖ төрагасы Мустафа Шентоп Түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосунда парламентик кызматташтыкты жана өз ара пайдалуу диалогду өнүктүрүүдө Ассамблеянын ишин жогору баалады. ТУУЖ төрагасын Түркия парламентинин депутаттары коштоп жүрдү.