ТҮРКПАнын делегациясы Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Тышкы иштер министри менен жолугушту
2026-жылдын 19-июлунда ТҮРКПАнын Башкы катчысы Элчи Рамиль Хасандын атынан Түндүк Кипр Түрк Республикасына иш сапары менен барган ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Бектур Баказаков жетектеген Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Эл аралык катчылыгынын делегациясы Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Тышкы иштер министри Улуу Мартабалуу Тахсин Эртугрулоглу менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Түндүк Кипр Түрк Республикасы ТҮРКПАга байкоочу макамында кошулгандан бери түрдүү иш-чаралар жана демилгелер аркылуу ТҮРКПА менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосундагы кызматташтык мамилелердин олуттуу өнүгүүгө жетишкенин жогору баалашты. Ошондой эле алар бул кызматташтык мындан ары да чыңдалып, алдыдагы жылдарда жаңы деңгээлге көтөрүлөрүнө ишенимин билдиришти.
Жолугушууга ошондой эле ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын катчысы д-р Кадыр Яман катышты.