ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПАнын делегациясы Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Премьер-министри менен жолугушту

ТҮРКПАнын делегациясы Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Премьер-министри менен жолугушту

Дата
Көрүү
1893

2026-жылдын 19-июлунда ТҮРКПАнын Башкы катчысы Элчи Рамиль Хасандын атынан Түндүк Кипр Түрк Республикасына иш сапары менен барган ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Бектур Баказаков жетектеген Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Эл аралык катчылыгынын делегациясы Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Премьер-министри Улуу Мартабалуу Үнал Үстел менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө ТҮРКПА менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү маселелери, ошондой эле Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ТҮРКПАдагы байкоочу макамындагы катышуусунун келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

Жолугушууга ошондой эле ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын катчысы д-р Кадыр Яман катышты.