TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПАнын Башкы катчысы Хасан ТИКАнын президенти Эренди Катчылыктын имаратында кабыл алды

ТҮРКПАнын Башкы катчысы Хасан ТИКАнын президенти Эренди Катчылыктын имаратында кабыл алды

Дата
Көрүү
167
2025-жылдын 30-октябрында Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы Элчи Рамил Хасан ТҮРКПАнын штаб-квартирасында Түркиянын Кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) президенти Абдуллах Эрен мырзаны кабыл алды. Бул жолугушуу Башкы катчы Хасан мырзанын өз кызматына расмий киришүүсүнө байланыштуу орун алды. Жолугушууга ошондой эле ТИКА Президентинин кеңешчиси Сефа Бекар мырза жана ТИКАнын Баку программасынын координатору Хайреттин Өзчелик мырза, ошондой эле ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басарлары Талгат Адуов менен Мухаммет Алпер Хаяли жана комиссиянын катчысы Кадир Яман катышты. Жылуу маанайда өткөн жолугушууда Башкы катчы Элчи Рамил Хасан мүчө парламенттер алдында мыйзам чыгаруучу тармакта өз милдеттерин дагы натыйжалуу аткаруу үчүн жаңы ыкмаларды иштеп чыгып жатышканын белгиледи. Башкы катчы Хасан мырза мүчө мамлекеттерге болгон расмий сапарларынын алкагында сунуштарына карата парламент төрагаларынын жана тиешелүү министрликтердин деңгээлинде күчтүү колдоо көрсөтүлгөнүн билдирди. Өз сөзүндө Башкы катчы Хасан мырза ТИКАнын Түрк дүйнөсүндөгү маанилүү ролун жана жетишкен ийгиликтерин өзгөчө белгиледи. Ал президент Эренди жаңы дайындалышы менен куттуктап, абдан маанилүү кызматында чоң ийгиликтерди каалады. ТИКАнын президенти Эрен мырза да Элчи Хасан мырзаны ТҮРКПАнын Башкы катчысы кызматын аркалоосу менен куттуктады. Башкы катчынын башка уюмдардагы тажрыйбасына, ошондой эле негизделишине салым кошконуна таянып, ТҮРКПАнын өнүгүшүнө маанилүү салым кошоруна ишенимин билдирди. Жолугушуу учурунда тараптардын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар маселелер каралды. Ушул контекстте, кадрлардын тажрыйбасын жогорулатуу үчүн эл аралык тажрыйба алмашуу программалары, Түрк мамлекеттердин парламенттери арасында мыйзам чыгаруучу тармактагы эң мыкты тажрыйбаларды жана билимдерди бөлүшүү боюнча долбоорлор, ошондой эле Түрк дүйнөсүнүн күн тартибин эл аралык коомчулукка натыйжалуу жеткирүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү маселелери талкууланды.