ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПАнын Башкы катчысы Түркия Республикасынын Президентинин урматына уюштурулган расмий кабыл алууга катышты

ТҮРКПАнын Башкы катчысы Түркия Республикасынын Президентинин урматына уюштурулган расмий кабыл алууга катышты

Дата
Көрүү
747

2026-жылдын 24-сентябрында ТҮРКПАнын Башкы катчысы Элчи Рамиль Хасан мырза Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясына катышуу үчүн Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарына расмий сапарынын алкагында Түрк-Америка Улуттук Башкаруу Комитети (TASC) тарабынан Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган мырзанын урматына уюштурулган расмий кабыл алууга катышты.

Кабыл алууга Түркиянын жана Америка Кошмо Штаттарынын алдыңкы саясий ишмерлери, мамлекеттик жана өкмөттүк кызмат адамдары, дипломаттар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Америка Кошмо Штаттарындагы түрк жана мусулман жамааттарынын лидерлери, ири холдингдердин жана корпорациялардын жетекчилери, ошондой эле ишкер жана академиялык чөйрөлөрдүн көрүнүктүү өкүлдөрү, Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, министрлер жана Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттары катышты.

Өзүнүн ачылыш сөзүндө Президент Эрдоган мырза Америка Кошмо Штаттарында жашаган түрк жамааттарынын ортосундагы тилектештиктин жана биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Иш-чаранын алкагында ТҮРКПАнын Башкы катчысы Элчи Рамиль Хасан мырза Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган мырзага менен жолугушуп, ТҮРКПАнын ишмердүүлүгү, акыркы демилгелери жана Уюмдун негизги артыкчылыктары жана иш багыттары тууралуу кыскача маалымат берди.

Иш-чарада ТҮРКПАнын Башкы катчысын анын орун басары Мухаммет Альпер Хаяли мырза коштоп жүрдү.