ТҮРКПАнын Башкы катчысы Түрк дүйнөсүнүн Ортопеддер Бирлигинин делегациясын кабыл алды
2026-жылдын 3-сентябрында Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы Элчи Рамил Хасан мырза 4–5-сентябрь күндөрү Азербайжанда өтө турган Түрк мамлекеттеринин травматологдорунун жана ортопеддеринин эл аралык конгрессине катышуу үчүн Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Түндүк Кипр Түрк Республикасы жана Өзбекстандан келген ортопеддердин делегациясын кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө өз ара кызыкчылык туудурган маселелер талкууланып, ТҮРКПАнын Башкы катчысы конокторго ТҮРКПАнын ишмердүүлүгү, долбоорлору жана келечектеги пландары тууралуу кеңири маалымат берди.
Өз кезегинде Ортопеддер Бирлигинин мүчөлөрү, анын ичинде Азербайжан ортопеддер коомунун төрагасы, профессор, медицина илимдеринин доктору Айдын Гахраманов мырза, Казакстандын травматологдор жана ортопеддер ассоциациясынын төрагасы, профессор, медицина илимдеринин доктору Арман Батпен мырза, Кыргыз Республикасынын травматологдор жана ортопеддер ассоциациясынын төрагасы мырза, профессор, медицина илимдеринин доктору Сабырбек Жумабеков, Түркиянын ортопедия жана травматология коомунун төрагасы, профессор, медицина илимдеринин доктору Өндер Календерер мырза, Түркиянын ортопедия жана травматология коомунун Конгрессти уюштуруу комитетинин төрагасы, профессор, медицина илимдеринин доктору Берек Гүчлү мырза (ТКТР), ошондой эле Өзбекстан Республикасынын ортопеддер ассоциациясынын өкүлү, профессор, медицина илимдеринин доктору Артур Махмудов мырза бул жолугушууну уюштурууга көмөктөшкөнү үчүн ТҮРКПАнын Башкы катчысына ыраазычылык билдиришти.
Ошондой эле алар Түрк дүйнөсүнүн ортопеддер ассоциациясынын долбоорлору жана келечектеги пландары, ошондой эле Баку шаарында өтө турган Түрк мамлекеттердин травматологдорунун жана ортопеддеринин эл аралык конгресси тууралуу кеңири маалымат берип, Ассоциациянын мындан аркы ишмердүүлүгүндө ТҮРКПА тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоону жогору баалашты.
Жолугушуу жылуу пикир алмашуу менен жыйынтыкталды.
ТҮРКПАнын атынан Башкы катчынын орун басары Мухаммет Алпер Хаяли мырза жана Укуктук маселелер боюнча адис Азер Маммадов мырза катышты.