ТҮРКПАнын Башкы катчысы ЕККУ ПАнын Президентин кабыл алды
2026-жылдын 3-сентябрында Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы Элчи Рамил Хасан мырза Азербайжанга расмий иш сапары менен келген Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (ЕККУ ПА) Президенти Пере Жоан Понс Сампьетро мырза баштаган делегация менен ТҮРКПАнын Эл аралык Катчылыгында жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө өз ара кызыкчылык жараткан маселелер талкууланып, өзгөчө 2010-жылдан бери ТҮРКПА менен ЕККУ ПАнын ортосундагы натыйжалуу жана активдүү кызматташтыкка көңүл бурулду. Тараптар ошондой эле ТҮРКПАга ЕККУ ПАда байкоочу макамын берүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, июль айында Гаага шаарында өткөн ЕККУ ПАнын жылдык сессиясында бул маселе боюнча добуш берүү процесси, ошондой эле процесстин кийинки этаптары тууралуу кеңири пикир алмашышты.
Жолугушууда Казакстанда өткөн парламенттик шайлоо, акыркы мезгилдеги ТҮРКПАнын масштабдуу жана жемиштүү ишмердүүлүгү, ошондой эле диалогду, тынчтыкты, туруктуулукту жана өз ара түшүнүшүүнү илгерилетүүдө ЕККУ ПА менен ТҮРКПАнын ортосундагы натыйжалуу кызматташтык маселелери да талкууланды. ЕККУ ПАнын Президенти жана ТҮРКПАнын Башкы катчысы келечектеги иш-чараларга тиешелүү делегациялардын активдүү катышуусу жалпы кызыкчылыктарга кызмат кыларын белгилешти.
Өз кезегинде ЕККУ ПАнын Президенти Пере Понс жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, ТҮРКПА менен кызматташууга канааттануу менен мамиле кылып жатканын билдирди. Ал демократиялык баалуулуктарга негизделген жана өз ара диалогду өнүктүрүүгө багытталган парламенттик дипломатияны илгерилетүүгө багытталган процесстерде ТҮРКПАга мындан ары да ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдирди. Өз кезегинде Башкы катчы биргелешкен иш-чараларга жана өз ара долбоорлорго катышуунун маанилүүлүгүн белгилеп, бул жалпы кызыкчылыктарга кызмат кылган негизги факторлордун бири экенин айтты.
Жолугушууга ошондой эле ЕККУ ПАнын Вице-президенти, Түштүк Кавказ боюнча атайын өкүлү Луис Граса мырза, ТҮРКПАнын Эл аралык Катчылыгынын Башкы катчысынын орун басарлары Талгат Адуов мырза жана Мухаммет Алпер Хаяли мырза, ошондой эле ТҮРКПАнын комиссиясынын катчысы Айнура Абуталибова айым катышты.