TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПАнын байкоочулары Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин Төрагасы менен жолугушту

ТҮРКПАнын байкоочулары Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин Төрагасы менен жолугушту

Дата
Көрүү
152
ТҮРКПАнын Азербайжан жана Казакстан парламентарийлери, ошондой эле ТҮРКПА Катчылыгынын өкүлдөрүнөн турган шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы 28-май 2023-жылы болуп өтө турган президенттик шайлоонун экинчи айлампасына кыска мөөнөттүү мониторинг жүргүзүү үчүн Түркия Республикасында ишмердигин баштады. Миссияны Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Саламаттыкты сактоо комитетинин жана ТҮРКПАнын Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын Төрагасы Ахлиман Амирасланов жетектеген. ТҮРКПА Миссиясы өзүнүн байкоо программасынын алкагында 27-майда Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин (ЖШК) Төрагасы Ахмет Йенер менен жолугушту. ЖШКнын Төрагасы ТҮРКПАнын байкоочуларына шайлоонун экинчи айлампасына даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымат берип, Миссиянын суроолоруна жооп берди. Миссия демократиялык, таза жана ачык шайлоо өткөрүүдө ЖШКга ийгиликтерди каалады.