ТҮРКПА Түндүк Кипр Түрк Республикасынын 40 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты
Дата
Көрүү
160
2023-жылдын 15-ноябрында ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр баштаган делегация Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) 40 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты.
Иш-чаранын программасы Мустафа Кемал Ататүрктүн Лефкошадагы эстелигине гүлчамбар коюу аземи менен башталды. Салтанаттан кийин Фазыл Күчүк бульварында расмий парад болуп өттү. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар, Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Парламентинин Төрагасы Зорлу Төре, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Премьер-министри Үнал Үстел, ТКТРнын Тышкы иштер министри Тахсин Эртугрулоглу, Түркия Республикасынын Башкы штабынын жетекчиси генерал Метин Гюрак, Азербайжан жана Түркия парламенттеринин депутаттары, ошондой эле башка кызмат адамдары катышты.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн Президент Эрсин Татар Түрк улутунун ажырагыс бир бөлүгү болгон кипрлик түрктөрдүн Түндүк Жер ортолук деңизинде Түндүк Кипр Түрк Республикасынын көз карандысыздыгынжана эркиндигин билдирген өчпөс чырак катары түбөлүккө кала турганын белгиледи.
Программанын алкагында коноктор Кипр түрктөрүнүн тарых, маданият жана улуттук күрөш музейинин ачылыш аземине да катышты.
Катышуучулар үчүн Түрк аба күчтөрүнүн пилотаж тобу тарабынан "Түрк жылдыздары" авиа чеберчилиги тартууланды. Иш-чаранын программасы Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татардын атынан расмий сый-тамак менен жыйынтыкталды.