TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА Терроризмге каршы күрөшүү боюнча Парламенттик форумга катышты

ТҮРКПА Терроризмге каршы күрөшүү боюнча Парламенттик форумга катышты

Дата
Көрүү
139
2022-жылдын 22-23-июнунда Катчылыктын өкүлдөрү БУУнун Терроризмге каршы күрөшүү боюнча кеңсеси (БУУТКК), Европа Биримдиги жана БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча Регионалдык борбору (ЕББАРБ) биргелешип ЕБ-БУУнун “Азиядагы зордук-зомбулук экстремизмге каршы туруктуулукту бекемдөө” (STRIVE Asia) өнөктөштүгүнүн алкагында Түркиянын Стамбул шаарында гибрид форматта уюштурган Жогорку деңгээлдеги парламенттик форумга катышты. Иш-чаранын темасы “Борбордук Азия мамлекеттеринин аял парламентарийлеринин зордук-зомбулук экстремизмдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү (ЗЭАК) боюнча Улуттук иш-аракеттер пландарын ишке ашыруудагы ролу” болгон. Ачылыш аземинде БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү, БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча Регионалдык борборунун жетекчиси Наталья Герман айым, БУУнун Терроризмге каршы күрөшүү боюнча кеңсесинин жана борборунун (БУУТКК-БУУТКБ) директору Жехангир Хан мырза жана КМШ ПАА Башкы катчысынын орун басары Айдын Жафаров мырза сөз сүйлөдү. Иш-чарага Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын улуттук парламенттеринин өкүлдөрү, Борбордук Азиядагы лидер аялдар тобунун мүчөлөрү, аялдардын лидерлик топторунун, парламенттик ассамблеялардын, жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык эксперттер, анын ичинде БУУнун БУУТКК жана БУУТКБ программалык кеңселеринин өкүлдөрү катышты. Форум жети сессиядан туруп, алардын жүрүшүндө катышуучулар аялдардын өздөрүнун билимин, көндүмүн жана тажрыйбасын колдонүү менен ЗЭАК жаатында ойной ала турган ролу; терроризмдин жана зордук-зомбулук экстремизмдин гендердик аспектилерин жана гендердик аспектилерин интеграциясынын радикалдашууга көмөктөшүүчү структуралык факторлорду жок кылууга кантип көмөктөшө ала турганын жакшыраак түшүнүүгө көмөктөшүү; БУУнун антитеррордук архитектурасы жана ЗЭАК күч-аракеттерине байланыштуу гендердик көйгөлөрдү каттоо жана ЗЭАК маселелери боюнча Борбордук Азиядагы парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо боюнча ченемдик укуктук база жөнүндө аял парламентарийлердин маалымдуулугун жогорулатуу сыяктуу маселелерди талкуулашты. Аял парламентарийлер тобунун аткаруучу катчысы Алиля Садихова айым “Парламенттик ассамблеялардын аялдарды ЗЭАК аракеттерине катышууга чакыруу жана кызыктыруу жана гендердик көйгөйлөрдүн каттоосу боюнча тажрыйбасы” аттуу сессиянын жүрүшүндө ТҮРКПАнын гендердик теңчиликти жана лидер аялдардын укуктарын кеңейтүүнү колдоп жана илгерилетип жатканына байланыштуу чыгып сөз сүйлөдү. Форумдун экинчи күнүндө иш-чарага катышкан жарандык коомдордун өкүлдөрү, аткаруу бийлик өкүлдөрү жана парламентарийлер тарабынан презентациялар жасалып, талкуулар жүргүзүлдү. Талкуунун жүрүшүндө коопсуздукту жана гендердик теңчиликти өнүктүрүү боюнча улуттук жол карталарын иштеп чыгуу боюнча өлкөлөрдүн ортосунда тажрыйба алмашуусу болду. Форумдун жабылышында иш-чаранын катышуучулары терроризмге жана зордук-зомбулук экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча улуттук иш-аракеттер пландарын ишке ашыруу максаттарына жетишүү үчүн жана бар болгон гендердик көйгөйлөрдү чечүү маселелерине аялдардын катышуусун жана колдоосун кеңейтүү максатында болгон күч-аракеттерин жумшоого макулдашышты.